Казакстандын мурдагы экономика министри Куандык Бишимбаевди паракорлук боюнча күнөөлүү деп табылып, 10 жылга катаал шарттагы абакка камалды. Бул тууралуу бүгүн, 15-мартта чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, Бишимбаев тергөөнүн жыйынтыгы боюнча “Байтерек” холдингин жетектеп турганда 1 миллиард 200 миллион теңгени өз чөнтөгүнө кымырып алган. Кылган күнөөсү үчүн өмүр бою мамлекеттик кызматта иштөө укугунан ажыратылып, мүлкү мамлекетке өткөрүлдү жана 10 жылга эркинен ажыратылды.
Буга чейин сотто ал ишеничти актай албагандыгы үчүн Казакстандын мамлекет башчысы Нурсултан Назарбаевден кечирим сураган.
Бишимбаев 2016-жылы Экономика министрлигин 8 ай башкарган, ал Казакстандагы мамлекеттик жетекчилердин жаңы муунун тарбиялайт деп саналган “Болашак” программасынын алгачкы бүтүрүүчүлөрүнүн бири болчу.