Чычканда 2-жолу түшкөн кар көчкү толук тазаланып бүттү

Чычкан капчыгайы аркылуу өткөн Бишкек-Ош унаа жолуна 2-жолу түшкөн кар көчкү толук тазаланып бүттү. Бул тууралуу бүгүн, 15-мартта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкек-Ош унаа жолунун 249-чакырымына 2 миң 880 метр куб көлөмүндөгү кар көчкү түшкөн. Аны тазалоого 3 техника тартылып, саат 19:00дөр чамасында толук тазаланып бүткөн.

Андан сырткары Чычкан капчыгайындагы Бишкек-Ош унаа жолунун 223-чакырымында да 7 миң 500 метр куб кар көчкү түшүп, учурда тазалоо иштери жүрүп жатканын кабарлашты.

Басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, кар көчкүдөн эч ким жабыркаган эмес.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Elchibekov
2018-03-15 12:33:55
Качан ачылат экен?билгендер айтып койгулачы?
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан