Президенттикке талапкер Ксения Собчак дебат учурунда көзүнө жаш алып, студиядан чыгып кетти

Орусиянын президенттигине талапкер Ксения Собчак "Россия 1" телеканалындагы дебат учурунда көзүнө жаш алып, студиядан чыгып кетүүгө аргасыз болду. Бул тууралуу орус басылмалары жазып чыгышты.

Маалым болгондой, Собчак шайлоочуларга кайрылуу учурунда башка талапкерлер анын сөзүн улам сайын бөлүп жатышканын байкаган. Мындан улам ал "Булар менин гана сөзүмдү бөлүп жатышат" деп, алып баруучудан убакыт талап кылган. Андан соң дагы бир атаандашы Владимир Жириновский ага сөз бербегени аз келгенсип, дайыма басынта турганын билдирип, мындайга жол берип жатканы үчүн алып баруучуну айыптаган.

Дал ушул учурда Жириновский Собчакка карап, "Бул кызды бала бакчага алып барып койгула. Балким, ошол жактан акылына келет", - деп кыйкырган.

Берүүнүн алып баруучусу Владимир Соловьёв бардык талапкерлер биригип, бир адамга асылып, аны көз жашка чейин жеткирүүнүн өзү акылга сыйбаган көрүнүш экендигин айтып, эфирди жыйынтыктап жатканда көзүнө жаш алган Собчак студиядан чыгып кеткен.

Ксения Собчак дебат учурунда көзүнө жаш алып, студиядан чыгып кетти
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Baku88
2018-03-15 10:39:22
Эмнеге эле кыйналып жүрөт дейм да ар кимден ар кандай сөздөр угуп эч ким деле шайлабайт болуш керек
+11
ALMAAAN
2018-03-15 11:13:14
Ошону айтамда оз кесиби менен эле иштей бербейби
+3
aerforce
2018-03-15 11:37:56
бул пиарда болбосо кантип болсун ушул президент
+4
cyrus
2018-03-15 12:34:37
Кече эле кокурогун башка жерин баарына корсотуп жургон кыз бугун президенттикке талапкер
0
Janyjol.86
2018-03-15 12:54:51
Айта бересинерда ар нерсени ким билет пешенесине аллах президент болот деп жазып койсо эбепке себеп болуп бироо жарымдын колдоосу мн болуп калышы мункун. Бизде деле болуп калдыго президентик такты ойуна эиес тушунода кирбеген адам .шайлоону щайло деп шилекейин чачыратып суйлогон адам .ошол сыйактуу эле аныда айтыш кыйын андай мындай деп .эгер собчак болуп калса оозунарды жаба албай журбогуло.
+3
portugalia
2018-03-15 15:27:43
Аялдардан бир Собчак чыгып жатат.Озунун эркин,кучун сынап жатат.Президент болбосо деле озун талапкерликке койгону озу учун чон жениш болуш керек.
+3
vavilon.
2018-03-16 15:28:01
Собчактай мээңер бар бекен силердин башта. Сындатып эле койсо!
0
s81
2018-03-18 14:19:57
Путин болот барибир
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан