Акылбек Жамангулов Чүйдөгү каналдарды тазалоо иштерин эртелетүү керектигин айтты

"Республика-Ата Журт" фракциясынан депутат Акылбек Жамангулов Чүйдөгү каналдарды тазалоо иштерин эртелетүү керектигин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 15-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

"Адистердин айтымында, быйыл Орто-Токой суу сактагычында суунун көлөмү аз. Суу жетишсиздиги болушу мүмкүн. Чүйдөгү каналдарды тазалоо боюнча иштерди эртелетүү керек. Бир жыл мурун өкмөт насыя, грант алып, ага атайын техника алынган. Азыр айыл чарбаларга бөлүнгөн райондордогу өкүлчүлүктүн жетекчилери менен сүйлөшсөм, техникалардын 50 пайызы иштебей жаткан экен. Ошол иш боюнча өкмөт комиссия түзүп, иликтесе жакшы болмок", - деди депутат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан