Чычкан капчыгайы аркылуу өткөн Бишкек-Ош унаа жолунун 246-чакырымында кар көчкү түшкөн жерде 7 техника, 100дөн ашуун адам иш алып барууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кар көчкү түшкөн жерге 4 погрузчик, 3 бульдозер жана 50гө чукул куткаруучу тартылган. Андан сырткары 70 милиция кызматкери, 2 "Тез жардам" унаасы менен 6 дарыгер күзөтүшүүдө. Кар көчкү түшкөн жердин түндүк тарабынан 40 миң метр куб, түштүк тарабынан 20 миң метр куб көлөмдөгү кар тазаланган.
Ошондой эле басма сөз кызматынан Чычкан капчыгайындагы кар көчкүдөн улам азыр 300гө чукул унаа тыгында турганын кабарлашты.
"Учурда Чүй облусунун Жайыл районундагы "Сосновка" постунда 105 жүк ташуучу, 11 жеңил унаа токтоп турат. Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы "Арал" постунда 16 оор жүк ташуучу, 35 жеңил унаа турат. Ал эми Талас облусуна кайрылган жерде 100 жүк ташуучу унаа турат. Учурда жолду тазалоо иштери уланып жатат", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.