Казакстандын Алматы шаарында "Гиннесстин рекорддор китебине" киргизүү үчүн эң чоң курак куралат. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматтарга караганда, куракты тигүү иштери 22-мартта башталат. Ал Алматы шаарынын күнүнө карата сентябрь айына чейин бүтө турганы айтылууда. Курактын көлөмү 25 миң 500 чарчы метр болот. Уюштуруучуларга сертификат берилгенден кийин курактын бөлүктөрү өлкө аймагында өткөрүлө турган көргөзмөлөргө коюлат.
Бул ишке казакстандык каалоочулардын бардыгы катыша алат.
Курак боюнча буга чейинки рекорд 2000-жылы коюлган. Анда Португалиянын Порту шаарында көлөмү 25 миң 100 чарчы метр болгон курак куралган.