Бүгүн, 15-марттагы Жогорку Кеңештин жыйынында КСДП фракциясынан депутат Рыскелди Момбеков өкмөттүн "Коопсуз шаар" долбоору боюнча маселесине кайрылды.
Эл өкүлү "Коопсуз шаар" долбоорун 10 миллион долларга мамлекеттик ишканалар аркылуу ишке ашырса боло турганын айтты.
"Коопсуз шаар" долбоору "Акылдуу шаарга" алмаштырылган. Бир ай мурун кол коюлуп, кечээ өкмөт кайрадан бул келишимден чыкты. Комитет жыйынында "Коопсуз шаар" долбоору каралган. Ошондо биз өкмөткө сунуш бергенбиз "Кыргызтелекомдун" базасында "Коопсуз шаарды" ишке киргизгенге 10 миллион доллар кетет" дегенбиз. Ошол кездеги "Кыргызтелекомдун" жетекчисинин сөзү менен экс-президент Алмазбек Атамбаев "Кыргызтелеком" аркылуу долбоорду ишке ашырса болот" деп айткан. Президент Сооронбай Жээнбековдун да тапшырмасы турат. Орусиянын бир жарым миллион калкы бар Саратов шаарында "Коопсуз шаарды" 10 миллион долларга киргизген", - деди Момбеков.
Депутат өкмөттүн кадр саясатына да нааразычылыгын айтты.
"Биз мамлекеттик маанидеги документтерди, улуттук валютаны, улуттук баалуу кагаздардын баарын өлкөнүн ичинде чыгарам деген идея менен иштеп жаткан Дастан Догоевди кызматтан кетирип, ага каршы иштеген, мамлекеттик документтердин баарын тендерге чыгарган Алина Шаикованы алып келдик. Кандай түшүнсө болот?" - деди Момбеков.
Белгилей кетсек, Алина Шаикова мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, 14-февралда Мамлекеттик каттоо кызматынын төрайымы болуп дайындалган. Ага чейин аталган кызматтын төрагасы Дастан Догоев жумуштан кетүү тууралуу арыз жазып, кызматынан бошотулган.