Белгилүү мамлекеттик ишмер Турдакун Усубалиевдин ысымын Бишкектеги Мамлекеттик тарых музейине берүү сунушталды. Сунушту 15-мартта Жогорку Кеӊеште депутат Алмасбек Акматов айтып, жарандардан ушундай өтүнүч түшүп жатканын билдирди. Ошондой эле Усубалиевдин ысымын Бишкек шаарындагы Киев көчөсүнө берүү сунушу да айтылды. Депутат сунушту президент Сооронбай Жээнбековго жана премьер-министр Сапар Исаковго жеткирүүнү айтып алардын Жогорку Кеӊештеги өкүлдөрүнө кайрылды.
Айта кетсек, айрым коомдук уюмдар Бишкектин Шабдан баатыр көчөсүн 7-Апрель көчөсү деп өзгөртүүнү, ал эми Шабдан баатырдын ысымын шаардагы Чүй кең көчөсүнө берүүнү сунуштап жатышат.
Турдакун Усубалиев - мамлекеттик жана саясий ишмер. Көп жыл мамлекеттик түрдүү кызматтарда иштеген.