Депутат: "Кызматкерлер мамлекеттик бюджетке зыян келтирсе жетекчилери дагы жоопкерчиликке тартылышы керек "

Бүгүн, 15-марттагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Тынчтыкбек Шайназаров 217 миллион сом бюджетке зыян келтирилиши үчүн кармалган Мамлекеттик салык кызматынын 5 кызматкери боюнча жетекчилери дагы жоопкерчиликке тартылышы керектигин айтты.
"Жакында эле бир катар мамлекеттик органдардын өкүлдөрү менен бирге өлкөнүн бюджетине 217 миллион сом өлчөмүндө зыян келтиргени үчүн Мамлекеттик салык кызматынын 5 кызматкери жумуштан бошотулду. Туура болду, бирок эмнегедир жетекчилерине карата чара көрүлгөн жок. Мындай мамиле туура эмес", - деди Шайназаров.
Белгилей кетсек, УКМК 2 жыл ичинде мамлекетке 217 миллион сом зыян келтирилген факты боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында аталган кызматта иштеген 5 жаранды кармаган.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан