Тагдырбы же дал келүүбү? Кытайлык жубайлар таанышканга чейин 11 жыл мурун чогуу түшкөн сүрөттөрү бар экенин билишти

Кытайдын Чэнду шаарында күйөөсү Е жубайы Сюэ менен таанышканга чейин 11 жыл мурун чогуу түшкөн сүрөтү бар экенин билген. Бул тууралуу кытай басылмалары жазып чыгышты.

Маалым болгондой, анда экөө тең бир убакытта саякатка чыгышкан. Тактап айтканда, ушул жылдын март айынын башында Е эгиз кыздары кимге көбүрөөк окшош экендигин билүү үчүн жубайынын кичинекей кезиндеги сүрөттөрүн көрүп отуруп, бир сүрөткө көзү түшкөн. Анда жубайынын артында көк футболка кийген бала турган. Ал өзү болчу.

Белгилүү болгондой, сүрөт 2000-жылдын июль айында тартылган. Анда Сюэ апасы менен Циндао шаарына саякаттоону чечкен. Дал ошол убакытта Е дагы аталган жерге саякатка чыккан. Е менен Сюэ бир учурда Циндаодогу "Төртүнчү Май" аталышындагы аянттан сүрөткө түшүшкөн. Ал гана эмес, күйөөсү өзү сүрөткө түшүп жаткан учурда болочок жубайынын сүрөтүндө да кадрга илинип калган.

Жубайлар андан 11 жыл өткөн соң гана таанышып, 2012-жылы баш кошушкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (18)
mirlanpiter
2018-03-15 13:45:41
Е деген ысымды алфавит боюнча коюшкан окшойт эми баласына ё деп атаса керек
-7
Isco23
2018-03-15 13:51:34
Тагдыр да насип этиптир
+16
bond02
2018-03-15 13:59:33
аттары эле шумдук.
+7
Ermekbai
2018-03-15 14:34:35
Е
+1
shkrva_96
2018-03-15 14:39:08
керемет,биздин дагы тугойлорубуз,журсо керек жаныбызда эле)))
+14
AigerimKubatalieva
2018-03-15 14:41:07
Кокустук болуптур
+5
al-abu-kinesz
2018-03-15 14:56:01
Кытайда элдер ото коп болгонго ысымдар гана эмес тамгалар да тартыш болуп аткан окшойт :)
+31
shahlet
2018-03-15 18:30:16
al-abu-kinesz,карызга берип тур анда
+5
al-abu-kinesz
2018-03-15 14:56:24
Мен да суротторду тытып коройунчу жок бекен
+13
Nevestkaa
2018-03-15 16:24:03
Е аты сонун го,э Е деп чакырат го анда аялы.
+10
Kirajsjk
2018-03-15 18:40:58
kitaida mindai dal keluu bolboso k.k owoncho adamdin ichinen..tannkaliwtuu
0
zzz---zzz
2018-03-15 23:11:12
Kirajsjk, бул да болсо Аллахтын керемети эми балалуу болсо ысмын Э деп койсун.
+2
Bobina
2018-03-15 23:20:10
Соонун
0
SHERBOLAT
2018-03-16 09:53:31
Супер инфо! Силерде кытайдан башка малымат жокпу? Ар-куну 1же 2 кытай жонундо малымат жазыла берет
-3
Abdullatif
2018-03-16 10:07:59
Менде мындай сүрөттөр толтура. Тай тайлап баскан убагынан бери билем)))
0
aselushka
2018-03-16 10:19:27
Бул кычкачты аукционго коюп сатышса да болот экен, же музейге коюу керек.
-1
vikidiki
2018-03-16 21:59:10
Нике кайып деп койчу беле?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан