Кыргыз жарандарына Сербияга визасыз барууга жол ачылат

Кыргыз жарандарына Сербияга визасыз барууга жол ачылат. Эки өлкөнүн ортосундагы мындай келишимди бүгүн, 15-мартта Жогорку Кеңеш биринчи окууда карады. Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасы Исхак Пирматов эки тараптуу келишим күчүнө киргенден кийин, Кыргыз жарандарына визасы жок 90 күнгө аталган өлкөгө барып келүүсүнө мүмкүн болорун айтты.

"Бул макулдашуу менен Кыргыз өлкөсүнүн жана Сербиянын паспортторуна ээ болгон жарандарга өз ара сапарларын эки өлкөнүн аймагында болуу жана транзит менен өтүүдө виза алуу талаптарын токсон күндөн ашпаган мөөнөткө бошотуу аркылуу жеңилдетет. Эки тараптуу келишим туризм, соода-экономикалык мамилелерди андан ары өнүктүрүүнү шарттайт", - деди Пирматов.

Келишим биринчи окууда добуш берүүгө жиберилди.

Ушундай эле эки тараптуу келишим Чили өкмөтү менен да түзүлүүдө. Келишим шарттарына ылайык, жарандар бул өлкөлөрдүн аймактарында визасыз эле 90 күнгө чейин жүрө алышат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
Mirlan27011987
2018-03-15 20:04:20
Жакырчылыктын оорусу каптап, чет жака кун сайын кетип жатышат. Жан багуу милдет. Айла жок. Турмуш эшек араба, омур бою суйрош керек.
+6
vavilon.
2018-03-15 20:25:53
Сербиядан көрө, Норвегия, Швеция, Финляндияга , Бельгияга визасыз кирүүгө боло турган болгондо жакшы болмок. Сербия анча эле өнүккөн өлкө эмес.
+8
aidinaernur
2018-03-15 20:39:05
Италияга элчилик ачылса жакшы болмок.
+4
expert.007
2018-03-15 21:25:20
Дагы кайсы өлкөлөргө визвсыз бара алабыз. Ушул жөнүндө кеңири бир макала жарыяласаңар жакшы болмок
+7
aibars
2018-03-15 21:39:08
expert.007, passportindex.com ушул сайтта биздин паспорт менен кайсы олкого визасыз барууга болоорун билсе болот.
+2
bond02
2018-03-15 21:36:25
Сербия десе Сирия дегендей сезилет экен.
+2
century
2018-03-15 21:49:53
Кыргызстандын жана Сербиянын жарандыгын алгандар гана барууга болот бекен? Жакшы тушунбодум
-3
Azatbek83
2018-03-16 01:09:46
century,Кыргыз жарандары Сербияга Сербия жарандары Кыргыз өлкөсүнө түшүндүңбү?!
+3
jbolotov
2018-03-15 23:38:11
Биздин XXXX жетекчилер пайдалуу бизнес учун,товар соода учун керектуу мамлекеттерге визасыз жургонго суйлошбойбу эч ким барбаган, барсада мамлекетти жегендер эс алууга барган жерге визасыз деп. XXXX
+2
Azatbek83
2018-03-16 01:10:19
jbolotov,өздөрүнө кылып жатышат!
+2
Azatbek83
2018-03-16 01:11:09
Эми ошол жак эле калды Карапайым элди барып иштеп бизди баккыла дегенге!
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан