Ушул жылдын 4 айында Кыргызстанда 5 бала өлтүрүлүп, 43 өспүрүм зордуктоого кабылса, 8 бала уруп-сабоо натыйжасында майып болду. Бул тууралуу 14-июнда “Парламент” радиосундагы түз байланыш учурунда депутат Ширин Айтматова билдирди. Анын пикиринде, мындай абал балдарды зомбулуктан коргоо механизмдеринин жоктугунан улам болууда. "Мага көптөгөн ата-энелер, жарандар, коомдук уюмдардын өкүлдөрү кайрылып, балдарга зомбулук көрсөтүү фактыларын билдиришет. Эгер алар болбогондо, көптөгөн зомбулук көрүнүштөрү ачыкка чыкпай калмак", - дейт эл өкүлү. Ширин Айтматова жакында Чүй облусунун Сокулук районунан үч жашар кыздын туугандары кайрылганын айтты. “Ал кыз прокуратура кызматкеринин тууганы болгон эркек киши тарабынан зордукталган. Мен аралашкандан кийин гана кылмыш иши козголду”,- деди Айтматова. Ушуга окшогон көйгөйлөрдү чечүү үчүн педофилдерге карата химиялык бычуу жол-жобосун киргизүүнү колдой турганын билдирди.