Бишкекти 5 жылда өзгөртүүчү башкы план иштелип чыкты

9-апрелде Бишкек шаарын 5 жылда өзгөрүүгө алып келе турган долбоордун планы коомчулукка сунушталат. Бул тууралуу бүгүн, 15-мартта өткөн маалымат жыйын учурунда Бишкек шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары Эмил Сыдыков билдирди.

Анын айтуусунда, борборду өзгөртүүгө арналган бул план учурда өтө керек.

"Азыр Бишкекти өнүктүрүүгө арналган план толук иштелип чыкты. 9-апрелде коомчулукка сунушталат. Бул план 2006-жылы мамлекет аркылуу бекитилген, аны ишке ашыруу үчүн бир топ иштер аткарылып жатат", - дейт ал.

Бишкекти өнүктүрүүгө арналган пландын алкагында Мамлекеттик архитектура агенттиги, мэрия, шаардык кеңештин депутаттары жана башка бир нече мекеме иштешүүдө.

Эске салсак, борборду өзгөртүүгө арналган толук план 2006-жылы демилге катары көтөрүлүп, өкмөт тарабынан бекитилген. 2014-жылы тиешелүү мекемелерге планды түзүп, иштеп чыгуу тапшырмасы берилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
Ask094
2018-03-15 15:16:30
Планды мен деле тузуп берем да силерге план эле керек болсо. Жок дегенде бир процентин аткарып анан элдин алдына чыккылачы былчыйбай уятсыздар
+8
bantik
2018-03-15 20:38:48
Ask094,чын эле баары семиз го,
+1
Nanei
2018-03-15 15:20:24
Алдыгыдай курсактар турганда Бишкек жакшы Жака озгорулбой калдыго
+12
bond02
2018-03-15 16:09:59
кагаз жузундо бул кетиште Дубайды басып отобуз го.
+8
tyrgon
2018-03-15 16:24:07
коздору эле айтып турат акча жесееем деп
+5
Nanei
2018-03-15 17:46:38
ЗО жылдан бери эле план, реформа дешип эле сайрап келатышат ко чондор,эч бир жыйынтыгы жок эле
+3
okumushtuu
2018-03-15 18:26:57
Алдагы жерде отурган тайга минерлер оздору уйуно пландап анан ошо планды ишке ашырууга акча таппай жатышат. Тайга минерлер десе аткаминер деп айткым келбейт. Ошол планды бутуруш учун акча керек а акча кайда. Аны проект тузуп проектке болунгон акчаны алып уйдогу планды бутуруш керек у тайга минерлер десе былтыйбай
0
Agayu
2018-03-15 20:21:12
Мелис Мырзакматовдой ишти жасагыла анан мактангыла.Элди куру соз менен алдап журобербегиле.
+1
bantik
2018-03-15 20:39:47
Бирок мен онолот осот дегенге кошулам. Баары бир кундо болуп калбайт да...
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан