Кыргыз элинин руханий казынасына атан төө көтөргүс салым кошкон, улуттук обончулук өнөрдү жер пайынан түптөп, кыргыздын музыкалык маданиятынын өнүп-өсүшүн байыткан залкар инсан Жумамүдүн Шералиев 1915-жылы 3-сентябрда Ат-Башы районундагы Туюк-Богошту (азыркы 1-Май кыштагында) аймагында жарык дүйнөгө келген. Он үч, он төрт жаш курагында комузга, ырга болгон ышкысы артат. 1933-1935-жылдар аралыгында "Созулма", "Түшүмдө", "Сүйгөн жарга", "Сүйүү ыры" аттуу обондуу ырларды жаратат. 1936-жылы жаңыдан уюшулган кыргыз филармониясында солист болуп иштейт. Эл аспаптар оркестринде альт-комузда ойнойт. Оркестрдин коштоосунда ырдап, аткаруучулук чеберчилигин арттырат. Музыкалык сабактан сабат алып, нотаны үйрөнөт.
1939-жылы Москвада өткөн Кыргызстандын искусствосунун он күндүгүнө катышат. Москвалык угуучуларга өзүнүн "Түшүмдө" ырын ырдайт.
Ошол он күндүктө Шералиев "Ардак белгиси" ордени менен сыйланат. Жыйырма төрт жаштагы Жумамүдүн өкмөттүк жогорку сыйлыкка шыктанып, чыгармачылыкка баш оту менен киришип, бир катар чыгармаларды жаратат. 1941-жылы "Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти" деген ардактуу наамды алат. СССР композиторлор союзунун мүчөлүгүнө кабыл алынат.
1948-жылы Кыргыз радиосунун музыкалык редакциясына редакторлукка которулат. Бул жерде 1953-жылга чейин эмгектенип, уюштуруучулугун, демилгечилдигин көрсөтүп, акындык, журналисттик шыгын өркүндөтөт. Кыргыз Республикасынын Эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын ээси Жумамүдүн Шералиев чыгармачылык өмүр жолунда алты жүздөн ашык обондорду чыгарган. Алардын көпчүлүгү эл арасына кеңири таралып, сөзү, обону элдики аталып кеткен. Кыргыз мамлекеттик телерадио корпорациясынын музыкалык алтын корунда 223 чыгармасы сакталып турат. Орошон таланттын жан дүйнөгө жагымдуу, кубулжуган обондору кайнар булактай оргуштап, ар бир кыргыздын кулагына сиңип, оюн алып, жүрөгүнөн түнөк таап келе жатат.
1939-жылы республикалык "Ленинчил жаш", "Кызыл Кыргызстан" газеталарына ырлары жарыяланып келген. Обондуу ырларынын көпчүлүгүнүн сөздөрү өзүнүкү. "Сүйгөн жарга", "Сүйүү ыры", "Укчу эркем", "Ойло сен", "Карындаш", "Жигитке", "Жашообуз болсун көктөмдөй", "Ырдалды", "Кыргыз жайлоосу", "Ай кайыңдар" ж.б. ондогон ырларды жазган. Калыйбек Тагаевдин "Долон" деген ырынын сөзү Жумамүдүн Шералиевге таандык экенин көпчүлүк биле бербесе керек. Обончу жаш курагында төкмө акындыгы менен да таанылган. Кезегинде Осмонкул төкмө акын менен оюн-чыны аралаш айтышын кагаз бетине түшүрүп койгон.
Обончу, акын Жумамүдүн Шералиев 1994-жылы 15-мартта 79 жашында оорудан улам көз жумган.
15-мартка карата жылнаама.