Президент Сооронбай Жээнбеков Казакстандын Астана шаарына учуп барды

Бүгүн, 15-мартта президент Сооронбай Жээнбеков Борбордук Азия мамлекет башчыларынын биринчи консультациялык жолугушуусуна катышуу үчүн Казакстандын Астана шаарына учуп барды. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Сооронбай Жээнбековду Астана шаарынын эл аралык аэропортунан Казакстандын вице-премьер-министри Аскар Жумагалиев тосуп алды.

Кыргыз делегациясынын катарында тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев, президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков жана президенттик аппараттын жетекчисинин биринчи орун басары Мухаммедкалый Абылгазиев бар.

Жолугушуунун негизги максаты – үзгүлтүксүз консультацияларды жүргүзүү жана эл аралык, аймактык өнүгүүнүн эң орчундуу маселелери боюнча пикир алмашуу. Мындан тышкары саясий-дипломатиялык, соода-экономикалык, каржы-инвестициялык, транспорт-байланыш, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык тармактарда кызматташууну мындан ары өнүктүрүү боюнча сүйлөшүүлөр болот.

Президент бул сапардын алкагында Казакстандын өлкө жетекчиси Нурсултан Назарбаев менен жолугушуп, Кыргыз-Казак мамилелеринин актуалдуу маселелерин талкуулап, эки тараптуу бардык маселелер боюнча өз ара кызматташтыкты жөнгө салуу иштерин сүйлөшөт.

Кыргыз делегациясы Бишкек шаарына кайра бүгүн кайтып келет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан