"Бишкектеги ботаникалык бак жок кылынып, ордуна улуттук этнографиялык комплекс түшөт", - деди 15-мартта өткөн маалымат жыйында "Биздин укук" коомдук фондунун жетекчиси Калича Өмүралиева.
Анын айтуусуна караганда, ботаникалык бактын ордуна боз үйлөрдөн шаарча курулуп, улуттук оюндар өткөрүлчү жерге айланат.
"Бишкектин борбордук бөлүгүнүн деталдуу планына ылайык, ботаникалык бак жайлоого айланат экен. Ал жерде ат оюндары, массалык иш-чаралар өтүп, боз үйлөрдөн шаарча курулуп, ачык асман алдындагы музей болот. Долбоорду түзгөндөр улуттук маданиятты чагылдырган Тынчтык проспектисиндеги Манас айылы бар экенин, ал жакта боз үй, сейилдөөчү жайлар бар экендигин унутуп калышкан окшойт. Бул сунуш мени таң калтырды, борбордогу ботаникалык бакты сактап калуунун ордуна жок кылабыз деп план түзүшкөн. Ар бир адамга 21 чарчы метрдин ордуна 3,7 чарчы метр эле бак-дарак туура келгенине карабай, алар ботаникалык бакчаны бузуп салууну көздөшүүдө", - деп нааразы болду Өмүралиева.