АКШда биология сабагынан берген мугалим окуучулардын көзүнчө таш бакага күчүктү жем кылып берди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Белгилүү болгондой, АКШнын Айдахо штатында биология сабагынан берген Роберт Кросленд аттуу мугалим кошумча сабак учурунда мутациясы бар күчүктү таш бакага жем кылып берген.
Бул окуя тууралуу маалымат жаныбарлардын укугун коргоо уюмуна жеткен.
"Өзүнүн окуучуларына кичинекей күчүктүн таш бакага жем болуп жатканын көргөзүү - бул мыкаачылыкка үндөө деп эсептесе болот", - деп билдирген уюмдун мүчөсү Жил Парриш.
Ал эми окуучулардын ата-энелери мугалимдин таламын талашып, Кросленд ар бир балага өзгөчө ыкма таба билген мыкты мугалим экенин айтып чыгышкан.
Мектеп жетекчилиги аталган окуя сабак учурунда болбогонун белгилеп, мугалимди жумуштан убактылуу четтеткен. Аталган окуя боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат.