Уганда өлкөсүндө учактан экипаж мүчөсү жерге кулап түштү. Бул тууралуу чет элдик маалымат каржаттары жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, "Emirates" авикомпаниясына таандык учак Энтеббе аэропортунда абага көтөрүлөйүн деп жаткан маалда авариялык кырдаалда колдонуучу эшик ачылып кетип, учкуч кулап түшкөн.
Учкуч оор жаракат алып ооруканага жеткирилген. Азыркы тапта кырсыкка алып келген эшик эмнеден улам ачылып кеткендигин аныктоо үчүн иликтөө иштери жүрүүдө.