Ош шаарында 17-марттан тартып жылуулук берүү токтотулат

Ош шаарында жылуулук берүү 17-мартта токтотулат. Буйрукка Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев кол койду. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынын басма сөз кызматынан билдирди.

"Күндүн жылыгандыгына байланыштуу Ош шаарындагы жылуулук берүү 17-мартта токтотулат. Шаар башчы ошол эле буйругу менен тиешелүү жетекчилерге жылуулук менен камсыздоочу мекемелерди кийинки жылга даярдоону тапшырды", - дейт басма сөз кызматы.

Кошумчалай кетсек, Ошто 600гө жакын көп кабаттуу үй жана социалдык мекеме бар. Алардын көпчүлүгүн Ош шаардык жылуулук электр борбору ысытат. Имараттардын айрым бөлүгүн "Жылуулук камсыздоо" муниципалдык ишканасы жылытат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Rubin
2018-03-15 22:38:56
Кун суук эле болуп турат го
0
muslima-0788
2018-03-16 00:01:24
Ооба кун суук эле.Кун чыкканда ысыганы менен уйдун ичи андай ысык эмес да.Печка сайганда деле бир эле комната ысык болот.Жылда эрте очурот.Март ичи ысытаберсе болот эле.
0
jbolotov
2018-03-16 01:05:10
Модернизация кылат бекен ТВЕА
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан