ӨКМ: "Жер көчкү коркунучу бар аймактарда жашаган тургундар чатырларга көчүрүлүүдө"

Ош жана Жалал-Абад облустарында жер көчкү коркунучу бар аймактарда жашаган тургундар чатырларга көчүрүлүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Ош облусу боюнча жалпы көчүрүлүүгө тийиш 1296 үй-бүлө бар болсо, анын ичинен 1009 үй-бүлө жер тилкесин жана ссуда алган, бирок көчкөн эмес. Жер тилкесин алууга кезекте 287 үй-бүлө турат, аларга жергиликтүү бийлик органдары тарабынан жерди трансфармациялоо иш-чаралары чечилип жатат.

"Жалпы Ош облусу боюнча 306 чатыр жеткирилип, 263 чатыр орнотулду. Бүгүнкү күндө жалпы Ош облусу боюнча 627 үй-бүлө убактылуу жайга көчкөн, анын ичинен 588 үй-бүлө туугандарыныкына, 39 үй-бүлө ӨКМдан берилген чатырларга көчөт",- деп жазылат маалыматта.

Кооптуу аймактан көчүрүү иш-чаралары Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2004-жылдын 23-апрелиндеги №289-токтомунун негизинде кооптуу делген тилкелерде жашап жаткан жарандарды коопсуз жайларга көчүрүү жергиликтүү мамлекеттик администрация башчысы-акимдерге жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилигине жүктөлгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Jarma
2018-03-15 21:09:16
Кочуруш керек болгон жарандарга турак жай салып бергиле дагы анан кочпойм дегендерди соттоп салгыла.Даяр уй жок болсо ким эле кочкусу келсин.
0
Nurmat92
2018-03-16 00:39:33
Jarma,жан керекпи же үй керекпи?
0
Jelezo
2018-03-16 05:10:43
Үйлөрдү,автомашиналарды камсыздандыруу керек бул жерде да корупция акча алып анан кооптуу деп жазышат
-1
Tugolbogdanov
2018-03-16 14:30:28
1-2-сүроттөгү биздин айылго
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан