"Өзгөндө сууктун күнүндө пенсия ала албай жүздөн ашык адам "Айыл банктын" жанында турат", деген билдирүүнү окурман "Сонку кабар" бөлүмүнүн "Элдик кабар" рубрикасына жөнөткөн.
Анда окурман Өзгөн шаарында "Айыл банктын" картасы менен пенсия алчу адамдар, карталарына акча которулбагандыгын айтып банктын алдында турушканын билдирген.
"Жүздөн ашуун улгайган жарандар сыртта суукта акча күтүп эртеден бери турушат. Банктын башчысына киришсе, "азыр, жарым саатта которобуз, күтө тургула" деген жоопту берип жатат. Азыр акча түшөт картага дегенден бери саат 17:00 болду. Алыскы айылдардан келген карыялар айласыз күтүп отурушат. Мындай жоопкерчиликсиз мамилени кандай түшүнсө болот?" - деп билдирген окурман.
Ошондой эле пенсия ар бир айдын онунда которулушу керек экендигин, ал эми "Айыл банк" пенсияларды 13-мартта которгондугун кошумчалаган.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.