15-мартта Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Ирина Карамушкина акыркы күндөрү батирлерден улгайган адамдардын жансыз денеси табылып жаткан окуяларга токтолду. Эл өкүлү бир жумага алынган маалыматты айтып, өкмөттүн өкүлүн буга көңүл бурууга чакырды.
"Өлкөдө батирде жалгыз жашаган адамдардын өлүмү көп болуп жатат. Мен бир жумага карата берилген маалыматтарды айтайын. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 6-мартта 12-кичи райондогу эшиги жабык батирден 60 жаштагы улгайган кишинин жансыз денесин таап, милицияга өткөрүп берген. 77 жаштагы жалгыз жашаган аялдын жансыз денеси өз үйүндө табылып, териштирүүгө милицияга берилген. 9-мартта Октябрь районундагы батирлердин биринин эшигин ачууга ӨКМнын кызматкерлери келген. Ал жерде 65 жаштагы жалгыз жашаган аялдын жансыз денеси табылган. Кара-Балта шаарында 86 жаштагы кишинин жансыз денеси өз үйүнөн табылган. 14-мартта ӨКМ кызматкерлери 77 жаштагы адамдын жансыз денесин өз үйүнөн табышкан.
Менин оюмча улгайган жалгыз бой адамдардын турак жайына көз арткан кандайдыр бир "каралардын" тобунан турган риелторлор бар. Улгайган адамдардын эшиги жабылган батирлеринде сөөгү табылып жатканы кандайдыр бир шекти жаратып жатат. Мен мындай көп кылмыштар жазасыз калып жатканына көңүл бурууну суранат элем. Социалдык кызматкерлерге кайрылып, улгайган адамдарга көңүл бурууга чакырам. Батиринде өлүгү табылып жаткан улгайган адамдардын саны көбөйүп жатса да, ага эч ким көңүл бурбай жатат", - деди Карамушкина.