Президент Сооронбай Жээнбековдун Казакстанга болгон иш сапары жыйынтыкталды

Бүгүн, 15-мартта президент Сооронбай Жээнбеков Казакстандын борбору Астанада өтүп жаткан Борбор Азиядагы мамлекет башчыларынын саммитине барды. Өлкө башчысы анын алкагында Казак президенти Нурсултан Назарбаев менен жолугушту. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, эки лидер акыркы жолугушуудан кийин эки тараптуу бардык маселелер чечилгендигин, жол картасы иштеп жаткандыгын белгилешти.

“Биз мындан ары да бардыгы жакшы болот деп ишенебиз. Бүгүн беш өлкөнүн башчылары жолугушат жана алар менен экономика, соода, инфраструктура жана логистика маселелерин талкуулаганга мүмкүнчүлүк болот”, - деди Назарбаев.

Сооронбай Жээнбеков эки өлкөнүн алдында турган жалпы маселелер азыркы глобалдуу коркунучтарга жана аймактагы чакырыктарга каршы турууда күч аракетти бириктирүү зарылдыгын айтты. "Өз кезегинде мурда жетишилген макулдашууларды ишке ашырууга жана өлкөлөр ортосунда өз ара ишенимдүү диалогду бекемдөөгө чечкиндүүлүгүмдү ырастайм. Учурда күн тартибинде турган маселелер мамлекеттерибиздин кызыкчылыктары жана элдерибиздин жыргалчылыгы үчүн чечилет деп ишенем”, - деди Жээнбеков.

Андан соң Борбордук Азия мамлекет башчыларынын биринчи консультативдик жолугушуусунда Сооронбай Жээнбеков бир катар соода-экономикалык жана коопсуздук маселелелерине токтолду.

“Биз терроризм менен экстремизмге, ошондой эле башка коркунучтарга жана чакырыктарга каршы турушубуз зарыл. Кыргыз мамлекети коопсуздуктун бирдиктүү мейкиндигин калыптандырып, аймакта тынчтыкты жана туруктуулукту сактап туруу боюнча биргелешкен аракет көрүүнү колдойт”, - деп белгиледи Жээнбеков.

Саммитке катышкан президенттерге сөз берилген соң лидерлер биргелешкен билдирүү кабыл алганын Нурсултан Назарбаев айтты. Ал жолугушуу абдан ийгиликтүү, өз ара түшүнүшүү маанайында өткөндүгүн, эл аралык, анын ичинде аймактык коопсуздук, чек ара, суу-энергетикалык ресурстар, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташуу маселелери боюнча конструктивдүү пикир алмашуу болгондугун белгиледи. Бул мамлекеттердин кийинки жолугушуусу 2019-жылы Ташкент шаарында өткөрүлөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан