Сузак районунун Акчалуу айылында жер көчкү түшүү коркунучуу байкалды

Сузак районундагы Акчалуу айылында жер көчкү түшүү коркунучунан улам Благовещенка-Кара-Көл жолунун Акчалуу тилкесиндеги жол жабылды. Бул туурасында Сузак райондук мамлекеттик администрациясынын башкы адиси Бекмамат Бактыбеков SUPER.KG порталына билдирди.

"13-мартта өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү учурунда Кызыл-Туу айыл өкмөтүнө караштуу Акчалуу айылындагы сайдын сол тарабында узундугу 300 метр, болжолдуу көлөмү 1 жарым миллион кубду түзгөн жаңы жер көчкү пайда болгону билинди. Эгер көчкү түшсө Акчалуу айылын бүтүндөй басып калышы мүмкүн. Мындан улам жергиликтүү эл менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, өтө кооптуу жерде жайгашкан 6 үй көчүрүлдү", - деп билдирет Бактыбеков.

Ал эми Кызыл-Туу айыл өкмөтүнө караштуу Кара-Март, Жашасын айылдарына каттоо мүмкүнчүлүгү бар экендигин кошумчалады.




РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Mirlan27011987
2018-03-15 20:12:47
Акчалуу деп аты укмуш экен. Атына жараша заты бар бекен.
0
Dany
2018-03-15 23:40:33
Mirlan27011987,Акчалуу эмес Алчалуу. С.инфо силер да тактап туруп анан жазсанар
+3
mofo
2018-03-15 20:16:26
Көчпөгүлө Өзгөндүктөрдөн эмненер кем!!! Соке досум көчүрбө буларды!
-8
Baha-kyrgyz
2018-03-15 22:40:12
Жердин аты Арчалуу эмеспи?
0
nur_kadyr
2018-03-15 23:25:41
Акчалуу,Алчалуу деген айылдар бар,туура эле жазылган.
+1
Ayida
2018-03-15 23:44:59
Акчалууну билбейм бирок Алчалуу айылы бар
0
zamir_kgz
2018-03-16 11:59:16
Алчалуудагыларды кочуруп бутушкон.
0
admin_superstan
2018-03-16 12:28:37
Dany, Baha-kyrgyz, Ayida, саламатсыздарбы!Маалымат такталган.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан