Мамлекеттен 25 миң сом стипендия алган 9 спортчу. Алардын ичинде Акжол Махмудов, Айпери Медет кызы, Евгений Тимофеев жана башкалар

Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттиги 2018-жылдын 1-январынан баштап 31-июнга чейин мамлекеттен стипендия ала турган спортчулардын тизмесин жарыялады. Бул тизмеде жалпы эсепте 294 спортчу бар. Стипендиялар 7 категорияга бөлүнгөн, анда 2 миң сомдон 45 миң сомго чейин акчалай сыйлык каралган.

I категориядагы стипендиаттардын тизмесине 9 спортчу кирген, алар эл аралык жакшы натыйжаларды көрсөткөн спортчулар. 25 миң сомду түзгөн стипендияга балбандар Эсен Асанов, Акжол Махмудов жана Айпери Медет кызы, жөө күлүктөр Адилет Кыштакбеков, Юлия Андреева жана Виктория Полюдина, дзюдочу Юрий Краковецкий, суучул Денис Петрашов жана лыжачы Евгений Тимофеев ээ болушту.

Акжол Махмудов - спорт чебери. 2018-жылдын грек-рим күрөш боюнча Азия чемпиону. 2017-жылдын грек-рим күрөшү боюнча жаштар арасында Азия чемпиону жана 2017-жылдын грек-рим күрөшү боюнча Дүйнө чемпиондугунун күмүш медалынын ээси. Стипендиянын өлчөмү 25 миң сом.




Эсен Асанов - спорт чебери. 2017-жылдын жаштар арасындагы (U-23) Дүйнө чемпиондугунун коло медалынын ээси. Стипендиянын өлчөмү 25 миң сом.








Айпери Медет кызы - спорт чебери. 2017-жылдын жаштар арасындагы Дүйнө чемпиону. Стипендиянын өлчөмү 25 миң сом.






Юрий Краковецкий - эл аралык категориядагы спорт чебери. Бразилиянын Рио-де-Жанейро шаарында өткөн Олимпиада оюндарында дзюдо боюнча 7-орунга ээ болгон. Стипендиянын өлчөмү 25 миң сом.






Денис Петрашов - эл аралык категориядагы спорт чебери. 2017-жылдын жаштар арасындагы сууда сүзүү боюнча Азия чемпиону. Стипендиянын өлчөмү 25 миң сом.






Евгений Тимофеев - спорт чебери. 2018-жылы өткөн Кышкы Олимпиада оюндарынын катышуучусу. Стипендиянын өлчөмү 25 миң сом.






Адилет Кыштакбеков - спорт чеберине талапкер. 2017-жылдын жеңил атлетика боюнча Азия чемпиондугунун коло медалынын ээси. Стипендиянын өлчөмү 25 миң сом.









Виктория Полюдина - эл аралык категориядагы спорт чебери. 2017-жылы өткөн Шанхай кызматташтык уюмунун эл аралык марафонунун жеңүүчүсү. Стипендиянын өлчөмү 25 миң сом.






Юлия Андреева - эл аралык категориядагы спорт чебери. 2017-жылы өткөн жеңил атлетика боюнча Азия чемпиондугунда 4-орундун ээси. Стипендиянын өлчөмү 25 миң сом.







РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
bahabaike
2018-03-15 22:29:35
Колдош керек
+1
ARZUU1989
2018-03-15 23:04:58
Спортчуларыбызга ар тараптан колдоо корсотуш керек.
+1
mr.Kashkarov
2018-03-16 00:17:46
Евлоев Муслимгечи?эмнеге стипендия беришпейт?ал да алтын медаль алдыго
-1
Azatbek83
2018-03-16 00:55:23
mr.Kashkarov,Балким ал дагы Айсулууда 45000 сом стипендия алаттыр Биринчи Категорияны кимдер 45000 аларын жазышбаптырго.
0
sirgak_92
2018-03-16 00:28:47
Берип атааат берип атаааат.Бирок чоңдор сол чөнтөккө уруп атаааат уруп атаааат
-3
jergetal
2018-03-16 01:59:28
Калы Сулаймановчу
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан