Бүгүн КСДП фракциясы кылмыштуулук менен күрөшүү жана бизнестин коопсуздугун камсыз кылуу маселесин карайт

Бүгүн, 16-мартта КСДП фракциясы кылмыштуулук менен күрөшүү жана бизнестин коопсуздугун камсыз кылуу маселесин карайт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин сайтына жарыяланды.

Маалыматка ылайык, баяндамачылар вице-премьер-министр Дайыр Кенекеев, ички иштер министри Улан Исраилов, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Абдил Сегизбаев, башкы прокурор Индира Жолдубаева.

Жыйынга экономика министри Артём Новиков, өкмөткө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын төрагасы Замирбек Осмонов, Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Кубанычбек Кулматов жана башкалар чакырылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан