Белгилүү актриса жана фотомодель Моника Беллуччинин мурунку жолдошу, 51 жаштагы француз актёру Венсан Кассель сүйүктүүсү, 20 жаштагы модель Тина Кунакиге үйлөнүү тууралуу сунуш киргизгендиги айтылууда. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалым болгондой, 2 жылдан бери сүйүү мамилесинде жүргөн жубайлар, буга чейин бир канча өлкөлөрдө чогуу саякаттап жүргөн сүрөттөрүн социалдык тармактагы баракчаларына жүктөп келишчү. Бул ирет Кунаки аталган тармактагы баракчасына манжасына салынган нике шакегин көрсөтүп түшкөн сүрөтүн жүктөгөн. Мындан улам бир канча басылмалар түгөйлөрдүн үйлөнүү тою жакынкы арада орун ала турганын божомолдошкон.
Белгилей кетсек, Венсан Кассель мурунку жубайы Моника Беллуччи менен 14 жыл бирге жашап, 2 кыздуу болгон соң 2013-жылы ажырашып кеткен. Буга эмне себеп болгонун экөө тең ачык айтышкан эмес. Ал эми 20 жаштагы модель Тина Кунаки менен 2016-жылдан тартып мамиле куруп келгени маалым.