Бүгүн, 16-мартта "Республика-Ата Журт" фракциясы Мамлекеттик каттоо кызматындагы коррупция менен күрөшүү жана анын жыйынтыктары тууралуу талкуулайт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин сайтына жарыяланды.
Маалыматка ылайык, баяндаманы аталган кызматтын төрайымы Алина Шаикова жасайт.
Мындан тышкары жыйында мамлекеттин үлүшү бар ишканаларды жана акционердик коомдорду башкаруунун натыйжалуулугу боюнча маселе каралат. Баяндаманы Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунун төрагасы Ренат Түлебердиев жасайт.
Жыйындын күн тартибине 2 маселе коюлган.