Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги: "Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды караган кызматкерлер 5-6 миң сомдун тегерегинде айлык алышат"

Стационардык мекемелердин кызматкерлери 5-6 миң сомдун тегерегинде айлык алат. Бул тууралуу "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын көчмө жыйынында Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин баяндамасында айтылды.

"Республикада 17 стационардык мекеме бар. Учурда бул мекемелердин абалы оор. Айлык акынын аздыгын, имараттардын эскилигин айтсак болот. Имараттардын көпчүлүгү аябай эски, алдыңкылары 1930-жылдары курулган. Бул жерде ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды карап, аларга бардык шартта кам көргөн кызматкерлердин айлык акысы 6 миң сомдун тегерегинде. Бул чоң көйгөй деп айтсак болот, айлыктын аздыгынан кызматкерлер келбей калышы мүмкүн", - деп айтылат баяндамада.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
fantomas
2018-03-16 11:45:55
Эн туура, алардын айлыгын которгуло, депутат, минтстрлердин командировкаларын жойгула...
+1
Nendi15
2018-03-17 14:47:31
Бизде озу коп толонгон айлык барбы баары эле орточо эсеп менен 5-6мин го
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан