Бишкектеги №3-балдар ооруканасында баш мээси чайкалып, денеси, башы, моюну, колу-буту канталап көгөргөн, сыйрылган абалда түшкөн 8 жаштагы кыз дарыланууда. Ал секелекти өгөй апасы жана 3-класста окуган агасы сабаган деп болжолдонууда.
"Бир ирет кыздын чоң апасы келип, кызга "байкем урду деп эле айт" деп жатканын өз кулагым менен уктум. Ал кеткенде сурасам, "чоң апам "селкинчектен куладым деп айт. Болбосо атаңды камап коюшат" деди", - дейт учурда сабалган кыз менен оорукананын бир палатасында чогуу жаткан Чынар Саттарова.
Материалды толугу менен “Супер-Инфонун” жаңы санынан (№802, 16-март, 2018-жыл) окуй аласыз.