КҮНСЕРЕП: Бишкекти Дубай элестеткен депутаттар ар бир туристтен 20 доллар алууну сунушташты

Бүгүн, 16-март. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.

Туризм департаменти Кыргыз жерине келген туристтерге салык салууну колдойт. Бирок Жогорку Кеӊештин депутаты Сайдулла Нышанов айткан формада эмес. Департаменттин директору Азамат Жаманкуловдун айтымында, турист салык төлөп жатканын өзү билбей тургандай механизмди иштеп чыгуу керек. Мисалы, туристтер эс алган жерлерине төлөгөн акчанын бир бөлүгүн туристтик фонддорго которуу, түшкөн акчага туризм тармагын оӊдоо жолун караштырса боло турганын айтат.

Кечээ депутат Сайдулла Нышанов өлкөгө кирген ар бир туристтен 20 доллардан төлөм алууну сунуштап чыкты. Депутат туристтин 20 долларын дароо “Манас” аэропортунан төлөтүү керектигин, мындай ыкма Дубайда ийгиликтүү иштеп жатканын, туристтер үчүн 20 доллар көп деле сумма эмес экенин айтат. “Кыргызстанга кирүүгө төлөм аз, бирок максимум комфорт” деген түшүнүк жайылышы керек дейт Нышанов. Негизи, Дубайда туристтер үчүн түзүлгөн шарт, сервис менен Кыргыз жериндеги абалды салыштыруу асман менен жердей. Кадимки Ысык-Көлгө бараткан жолдогу дааратканаларды оӊдой албай жаткан абалда Нышанов айткан максимум комфорт жөнүндө сөз кылуу азырынча эрте. Туризмдин босогосу болгон “Манас” аэропортунда кардар талашып урушуп-талашкан таксисттердин жоругу дале токтой элек.

Туристтерден 10-15 доллардан төлөм алууну алгач 2017-жылы өлкөдөгү туристтик компаниялар сунуштап чыгышкан. Туризм департаментинин мурдагы директору Данияр Казаков айткандай, алар түшкөн акча дааратканаларды оӊдоого жумшалат дешкен. Сайдулла Нышанов бүгүн туркомпаниялардын ошол сунушун колдоп жатат. "Сүткө оозу күйгөн" коомдо мындай аракеттер сөзсүз күдүктөнүү жаратат. 2015-жылы Жогорку Кеӊеш импорттук буудайды салыктын бир түрүнөн бошотуп, 2 жылда мамлекет 1,1 миллиард сом зыян тарткан. 2017-жылы мыйзамды Жогорку Кеӊеш кайра жокко чыгарып, анда айрым депутаттар “бул мыйзамдын пайдасын ун заводу бар 2-3 депутат гана көрдү” деп моюнга алышты. 20 долларлык төлөм да бир ууч топтун пайдасын көздөгөн аракет эмеспи?

Кыргыз жеринде туристтердин коопсуздугун камсыздоо, тазалык, сервис, саякатчылар акчасын аябагыдай мыкты кызматтарды сунуштоо иши азырынча мыкты деӊгээлде эмес. Турист деле акчасын бекер чачкысы келбейт, андыктан 20 долларлык төлөм аларды качырышы мүмкүн. Кыргыз жерине 1 жылда 2,5 миллиондой турист келет. Туристке 20 долларды аэропорттон мажбурлап төлөтпөй, алардын чөнтөгүн башка жол менен, мисалы, мыкты тейлөө көрсөтүү аркылуу кагып алууга эмне үчүн болбосун...

Мухаммедкалый Абылгазиев президенттик аппараттын жетекчиси кызматына дайындалды. Тийиштүү буйрукка өлкө жетекчиси Сооронбай Жээнбеков кол койду. Абылгазиев 2010-2016-жылдары Социалдык фондду жетектеген. 2016-жылдын 13-апрелинен 2017-жылдын 25-августуна чейин биринчи вице-премьер-министр, тагыраагы, ал кездеги өкмөт жетекчиси Сооронбай Жээнбековдун биринчи орун басары болуп иштеген. 2017-жылы Боинг кырсыгы боюнча түзүлгөн өкмөттүк комиссияны жетектеди. 2017-жылдын 26-августунан 12-сентябрына чейин ал кездеги президент Алмазбек Атамбаевдин кеӊешчиси, 12-сентябрдан бүгүнкү күнгө чейин президенттик аппараттын башчысынын биринчи орун басары болуп иштеп келген.

Ал эми президенттик аппаратты буга чейин жетектеген Фарид Ниязов 7-мартта өз арызына ылайык кызматтан кетип, мындан ары партиялык иштер менен алектенерин билдирди. 7-мартта ЖМК жетекчилери менен жолугушууда президент Жээнбеков Фарид Ниязовдун отставкага кетүүсү боюнча “сыйлуу орун бош калбайт, жанымда ишти алып кете турган татыктуу кадрлар бар” деген эле. Ошентип, сыйлуу орун ээсин тапты. Акырындык менен президент Жээнбеков өз командасын түптөөдө. 6-мартта УКМКнын алдындагы Коррупцияга каршы кызматтын төрагалыгына Сагынбек Исмаиловду дайындаса, 12-мартта Дамир Сагынбаевди Коопсуздук кеӊешинин катчысы кызматына бекитти. Бул орун алмашууларды жарандык коом азырынча Жээнбековдун өз командасын түптөө аракети деп кабыл алууда. Коомчулукта “бийликте экс-президенттин таасири улам азайып, азыркы президенттин таасири күн өткөн сайын күчөйт. Бул мыйзам ченемдүүлүктү эч ким токтото албайт” деген пикирлер айтылып, жазылууда...

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан