Орусиянын Якутск шаарынан аварияга учураган учактан чачылган алтын, платина жана бриллианттын баасын талдоочулар 122 миллион 6 миң долларга баалады. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, окуя 15-мартта болгон. Учак абага көтөрүлөрдүн алдында толук текшерилип, андан кийин жүк жүктөлгөн. Салмагы 9,3 тонна болгон баалуу металлдар Чукотск тоо-кен компаниясына таандык болгон.
"Учурда бардык баалуу металлдар табылып, Якутиянын аэропортунун кызматкерлери тарабынан кайтарылып жатат. Талдоочулар жүктүн жалпы суммасын 122 миллион 6 миң долларга баалашкан", - деп жазылат маалыматта.
Эске салсак, Якутиянын аэропортунан жүк ташуучу Ан-12 үлгүсүндөгү "Нимбус" авиакомпаниясына таандык учак абага көтөрүлгөн учурда жүк жүктөлгөн бөлүгүнүн бир капталы сынып кеткен. Натыйжада ичиндеги 9,3 тонна алтын, платина жана күмүштүн көпчүлүк бөлүгү төгүлүп калган. Ал эми учактын экипажы кайра "Маган" аба майданына кайтып, ийгиликтүү конгон.