Акыйкатчы институту: "Өлкөдөгү жашоочулардын негизги маселеси жумушсуздук"

Бүгүн, 16-мартта адам укуктарындагы кырдаалдар боюнча жалпы жыйын өтүүдө. Анда Кыргыз жарандарынын укуктары кандай өңүттө өнүгүп жатканын Акыйкатчы институту билдирди.

Маалым болгондой, Кыргыз өлкөсүндө жашаган калктын 76 пайызынын негизги маселеси жумушсуздук. Ал эми экинчи орунда 43 пайыз менен коррупция элдин негизги маселеси бойдон калууда. Ошондой эле өлкөнүн жашоочуларынын 25 пайызы айлык акынын аздыгын негизги маселе деп билдиришкен.

Жогоруда аталган институттун Кыргыз өлкөсү туура багытта өнүгүп жатабы деген сурамжылоосуна өлкө тургундарынын 72 пайызы "ооба" деген жооп узатышса, 20 пайыз жашоочулар туура эмес багытта өнүгүп жаткандыгын айтышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Mirlan27011987
2018-03-16 12:40:32
Кедейдин бир тойгону - орточо байыганы. Кедейлик кейитет, жокчулук жанды жейт.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан