Орусиянын Владивосток шаарында овчарка тукумундагы ит Милаша аттуу леопарддын баласын өз камкордугуна алды. Мындай маалыматты жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.
Анда аталган шаардын тургуну өткөн жылы овчарка тукумундагы итти багып алып, ага Эльза деген ысым ыйгарган. Кожоюну Эльза өзүн жалгыз сезбесин деп леопарддын баласы менен достоштурууну чечип, "Садгород" зоопаркынан Милаша аттуу леопардды асырап алган.
Эльза менен Милашанын жылдызы келишип, тез эле достошуп кеткенин кожоюну айткан. Ошондой эле ити 5 айлык леопардды сейилдетип, ага энесиндей аяр мамиле жасап жатканын билдирген.