Бүгүн, 16-мартта Жогорку Кеңештеги “Республика-Ата Журт” фракциясы мамлекеттин үлүшү бар ишканаларды жана акционердик коомдорду башкаруунун натыйжалуулугу боюнча буга чейин берилген фракциясынын тапшырмаларынын аткарылышы тууралуу жыйын өткөрүүдө. Анда фракция лидери Руслан Казакбаев акыркы эки жылдан бери депутаттар тарабынан коюлган тапшырмалар алгылыктуу аткарылбай жатканын айтты.
"2016-жылдан бери биздин фракция тарабынан мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча инвентаризация жасап чыгуу жана мүлктөрдү иштетүү боюнча стратегиялык план түзүү тапшырмалары коюлган. Мамлекеттик компаниялардын жетекчилерин тандоонун конкреттүү критерийлерин иштеп чыгуу боюнча бир нече тапшырмалар берилген. Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун бүгүнкү абалы, мүлктөрдү натыйжалуу башкарууну көрсөтө албай жатат. Акыркы жылдары биздин өкмөттө көп өзгөрүүлөр болду. Мамлекеттик мүлктүн жетекчиси бир нече жолу алмашты. Эгер жетекчилик тез-тез алмаша берсе, ал мекемеде иштин жыйынтыгы жакшы болбойт", - деди Казакбаев.
Ал эми биринчи вице-премьер-министр Аскарбек Шадиев 2017-жылы мамлекеттик мүлктөрдөн түшкөн каражаттар боюнча маалыматтарды берди.
"2017-жылы мамлекеттик мүлктөрдү пайдалануудан түшкөн каражат 2 миллиард 717 миллион сомду түзгөн. 2 миллиард 171 миллион сом дивиденддер. Мамлекеттик ишканалардын кирешеси 366 миллион сом, ижарадан түшкөн 111 миллион сом, менчиктештирүүдөн 152 миллион сом түшкөн. Учурда мамлекеттик ишканалардын баарын каттоого алып, инвентеризациялоо жүрүүдө. Бул 2019-жылга чейин аягына чыгып калат. Азыр каттоого алынып, жетекчиси да дайындалбай токтоп турган ишканалар бар. Алардын баары иликтенип чыгат. 2018-жылга бюджетке божомолго мамлекеттик мүлктөн 4 миллиард 736 миллион сом болжолдонууда", - деди Шадиев.