Депутат Бакиров: "Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендерди жылда маалым кат ал деп кыйнай берүүнү токтотуш керек"

"Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендерди жылда маалым кат ал деп кыйнай берүүнү токтотуш керек", - деп бүгүн, 16-мартта "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын жыйынында депутат Мирлан Бакиров билдирди.

Анын айтымында, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын саны өсүүдө.

"Бюджеттин 60 пайызы социалдык өнүктүрүү тармагына жумшалганына карабастан, учурда ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын саны 29 миң 900гө жетти. Бул сан жыл сайын өсүп жатат. Ушундай адамдарга мамлекет жеңилдиктерди түзүп бериши керек. Алар мамлекеттен колдоо иретинде берилген акчаны алыш үчүн бир топ кагаздарды чогултуусу зарыл болот экен. Бул маселени чечүү керек", - деди Бакиров.

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин өкүлдөрү бул маселе каралып жатканын билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
jasgul
2018-03-16 13:30:31
Туура МСЭК моонотту белгилеп жатабы, демек кайра кайра эле чакырып справка ала бербеш кк. Справка да азыр уйуну камсыздандыруу кылбасан бербей атышат кыйнап
0
shumkar929292
2018-03-16 14:48:37
Эң туура 1жылда эмне оорудан айыгып кала тургансып кечке нарак берака чуркатпай бир тапшырып ал акыбалын билдирип леч алган кагаздарын коштуруп турса болду да
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан