Кыргыз мамлекети менен Өзбекстанды байланыштырган автобустук төрт каттам ачылат

Кыргыз мамлекети менен Өзбекстандын ортосунда эл аралык автобустук төрт каттамды ишке киргизүү маселеси иштелип чыгууда. Бул тууралуу өзбекстандык маалымат каражаттары жазууда.

Ага ылайык, эки өлкөнүн бул боюнча тиешелүү тараптары жүргүзүп жаткан сүйлөшүүлөрү аяктоо алдында турат.

"Жакын арада Ташкент-Бишкек-Ташкент, Фергана-Ош-Фергана, Анжиян-Ош-Анжиян каттамы боюнча автобустар жүрө баштайт. Жай мезгилинде Ташкент-Ысык-Көл-Ташкент багыты боюнча да автобус жүргүзүү мерчемделүүдө", - деген Өзбекстандын автомобилдик транспорт агенттигинин жетекчисинин орун басары Шаалим Шавахабов.

Маалыматта жазылгандай, эксперттер эки өлкөнүн калкы үчүн автобустук каттам эң зарыл болуп турганын айтышат. Бул Ош облусунда көптөгөн этникалык өзбектердин жашагандыгы менен да байланыштуу.

"Буга чейин Кыргыз тарап эки өлкөнү байланыштырып турган чек ара көзөмөл өткөрүү бекетинен күнүнө кирип-чыккандардын саны 12 миң адамга жеткенин маалымдаган. Чек арачылар нормалдуу режимде иштеп, 7 миң адамды өткөрө алышат. Буга байланыштуу "Достук" чек ара өткөрүү бекетиндеги кабиналарды кеңейтүү зарылдыгы да каралууда", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
Aza17
2018-03-16 11:54:45
Чек араны ачаардан мурда чек араны тактоо к.к. отурукташып алгандан кийин аа бул жер силердики турбай деп чайын ичип откоруп бересинер. Унгар тоодой.
0
suban78
2018-03-16 12:08:02
Чек араларды вообше эле жок кылыш керек. Коншулар келсин да, туристтер да коп чыгат Озбекстандан. Туштукко кымыз ичкени канчасы чыга албай отурушат. Соода кылганы чыгат, айтор баарыбызга эле жакшы болот эле.
-6
nuru95kg
2018-03-16 12:11:15
Мамлекет ортосунда достук болсо Береке кирет жана онугот эки Мамлекет
0
nazarKGZ
2018-03-16 12:20:36
Ошто дагы озбек кобойт экен да паспорторубуз ончук эле болуп калдыго
+9
Mirlan27011987
2018-03-16 12:33:34
Тиягын озбек, биягын кытай каптап кыргыздарга жер калабы.
+9
Asman...
2018-03-16 12:40:08
Туугандар анака манака дем болбой эле калышат экен да эми
+5
bond02
2018-03-16 13:13:33
кереги жок эле ушул каттамдын, салом Бишкек деп кирип барышат экен да эми.
+4
baisogur
2018-03-16 13:28:49
Журогунду тырмалап койнуна кирип алып анан торуно чыгып согушабыз деген калк экенин билип туруп деле Кыргызым унчукпайт жана бөтөнгө жерин бийлеткен калк
+2
cyrus
2018-03-16 14:08:32
Ташкенттик туугандар жыргап калат экен да, Кыргызстанга келип паспорт алып. Алар депортация болгону бизге келип паспорт алышат. Жыргатып жатыпсынар анда
0
admin_superstan
2018-03-16 15:44:17
Ask094, баш тамгалар грамматика эрежелерине ылайык гана колдонулушу керек.
0
boston___
2018-03-16 20:52:26
Автобус койсоле кочуп келип калат деп мынча кыска ойсунар мусульманбызго акыры баарыбыз карым катнаш болгон жакшы коншу менен
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан