"Бюджетте акча тартыш болсо жөлөк пул берилбей калат деген туура эмес", - деп бүгүн, 16-мартта "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын жыйынында депутаттар билдиришти.
Жыйында жөлөк пул тууралуу мыйзам долбоору каралды.
"Аталган мыйзам долбоорунда жөлөк пул берүү өлкө казынасындагы каражаттан көз каранды экени жазылып турат. Бюджетте каражат жетишпей жатса муктаж адамдарга жөлөк пул берилбей калабы? Бул туура эмес, сунушталып жаткан мыйзам долбоорунан муну алып салууну сунуштайм", - деди депутат Абдыжапар Султанов.
Депутат Мирлан Бакиров Султановдун сунушун колдоду.
"Мыйзамда жарандарды социалдык коргоого мамлекет кепилик берет" деп жазылган. Биз муктаж адамдарды камсыздап турушубуз керек. Жогорку Кеңештин токтом долбоорун иштеп чыгып, майып балдарын баккан ата-энелерге айлык төлөп берүүнү тездетүү боюнча пункт киргизүү керек", - дейт депутат Бакиров.