"The Economist Intelligence Unit" басылмасынын изилдөөлөрүнүн жыйынтыгында, дүйнөдөгү эң арзан шаар аталды.
Дүйнөдөгү эң арзан шаар деп Сириянын борбор шаары Дамаск табылды.
Тизме түзүп жаткан учурда адистерден турган атайын изилдөөчү топ Нью-Йорктогу жашоо деңгээлин негиз катары алган. Эң арзан шаарлардын тизмесин Каракас (Венесуэла), Алматы (Казакстан), Лагос (Нигерия) жана Бангалор (Индия) шаарлары толуктаган.
Ал эми дүйнөдөгү эң кымбат шаар деп Сингапур табылып, анын артынан эле Париж, Цюрих, Гонконг жана Осло шаарлары тизмеге жайгашкан.
Айта кетсек, буга чейин "Juniper Research" консалтинг компаниясы "Intel" ишканасы менен биргеликте изилдөөлөрдү жүргүзүп, Сингапурду дүйнөдөгү эң өнүккөн шаар деп тапкан. Ошондой эле Финляндия өлкөсү дүйнөдөгү эң бактылуу өлкө аталган.