Бишкек-Ош унаа жолу бүгүн, 16-мартта толугу менен ачылат. Бул тууралуу маалыматты Транспорт жана жолдор министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
Ага ылайык, учурда "Чычкан" капчыгайына түшкөн кар көчкүнүн тазалоо иштеринин дээрлик көп бөлүгү аткарылып бүткөн.
"Жол саат 14:00дөр чамасында ачылып, унаалар эки тараптуу коё берилет. Кечээ саат 16:30да Ала-Бел ашуусуна түшкөн 10 миң метр куб кар көчкүнү тазалоого 4 техника тартылган. Учурда көчкү жүргөн жерлерде Транспорт министрлигинин, ӨКМнын жана Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматынын кызматкерлери иштеп жатат", - деп айтылат маалыматта.