Вице-премьер: "Акыркы жылдары кылмыштуулук 0,8 пайызга өстү"

Бүгүн, 16-мартта КСДП фракциясынын кезектеги жыйынында кылмыштуулук менен күрөшүү жана бизнестин коопсуздугун камсыз кылуу жаатында көрүлүп жаткан чаралар боюнча мамлекеттик органдардын маалыматы угулуп жатат. Жыйынга өкмөт мүчөлөрү, мамлекеттик органдар менен мекемелердин жетекчилери катышууда.

Вице-премьер-министр Дайыр Кенекеевдин айтымында, акыркы жылдары кылмыштуулук 0,8 пайызга өстү, айрыкча диний экстремизм күч алып баратканы байкалат. "Акыркы маалыматтарга караганда, өлкө аймагында 597 диний экстремизм фактысы аныкталган. Жалпысынан алганда, 2017-жылы 27 миӊ кылмыш катталса, 2018-жылдын алгачкы эки айында 1 600 кылмыш катталды. Ал эми экономикалык кылмыштардын айынан 4 миллиард сом көлөмүндө зыян келтирилип, анын 2 миллиард сомунун орду толтурулду", - дейт ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
gute
2018-03-16 12:39:32
Кылмыштуулуктун осушу бул жумушсуздук
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан