"Өнүгүү-Прогресстин" депутаттары жөлөк пул тууралуу мыйзам долбоорундагы кемчиликтерди айтышты

Бүгүн, 16-мартта "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын жыйынында депутаттар жөлөк пул тууралуу мыйзам долбоорундагы айрым кемчиликтерди белгиледи.

Аталган фракциянын лидери Бакыт Төрөбаев билдиргендей, бүгүнкү күндө 92 миң үй-бүлө жөлөк пул алат. "Ал эми 101 миң үй-бүлөдөн колдоого муктаж экендиги жөнүндө арыз түшүптүр. Ортодо 9 миң үй-бүлө жөлөк пул албай калды. Арыз жазып жатса, демек, ал үй-бүлө колдоого муктаж, мамлекет жардам көрсөтүшү керек", - деди Бакыт Төрөбаев.

Депутат Гүлшат Асылбаева үй-бүлөдөгү киреше булагы деп эсептелген жагдайларга токтолду.

"Сунушталып жаткан мыйзам долбоорунда пенсия киреше катары көрсөтүлүп калган. "Үй-бүлө мүчөлөрүнүн ичинде пенсия алгандар бар деп жөлөк пул чегербей коюу туура эмес. Кары-картаңдарга берилүүчү каражатты киреше булагы катары кароону алып салууну сунуштайм", - деди Асылбаева.

Ал эми депутат Мирлан Бакиров "сүйүнчү пул" бала төрөлгөндө төрөт үйүнөн берилиши керектигин кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
talyan0101
2018-03-16 22:24:01
Гулшат Асылбаева туура айтыптыр. Азаматсыз!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан