Былтыр Башкы прокуратура тарабынан ишкерлердин укуктарын коргоо жаатында 207 текшерүү иштери жүргүзүлгөн. Бул тууралуу бүгүн, 16-мартта КСДП фракциясынын жыйынында башкы прокурордун орун басары Нурлан Дүйшөмбиев билдирди.
Анын айтымында, ишкерлердин укуктарынын сакталышы жаатында тартип бузууларга бизнеске негизсиз кийлигишүү, текшерүү документтерин туура эмес толтуруу, текшерүү жыйынтыктарын туура эмес жол-жоболоштуруу сындуу көрүнүштөр кирет.
"Мыйзамсыз текшерүүлөргө жол бербөө максатында, прокуратура органдарында текшерүүлөрдү каттоо механизми киргизилген. Ал аркылуу текшерүүлөрдүн мыйзамдуулугун аныктап алса болот. Ал эми 2017-жылдын декабрь айынан тарта Башкы прокуратура тарабынан Ички иштер министрлиги менен УКМКнын коррупцияга каршы күрөшүү кызматына да ишкердик субъектилерин текшерүүнү каттоо тартибинин сакталбагандыгына карата чара көрүү актысы киргизилди", - дейт ал.