Бүгүн, 16-мартта Жогорку Кеңештеги "Республика-Ата Журт" фракциясы Мамлекеттик каттоо кызматындагы коррупция менен күрөшүү жана анын жыйынтыктары тууралуу маалыматтарды угууда. Анда депутат Жыргалбек Турускулов буга чейин мыйзамсыз паспорттордун берилиши боюнча жоопко тартылган адамдар тууралуу маалыматтарга кызыкты.
"Мамлекеттик каттоо кызматында коррупция менен күрөшүү фактысы боюнча 2015-жылы 45, 2016-жылы 46, 2017-жылы 45 иш козголгон. Бул маалымат силерде коррупциянын алдын алуу жумуштары жүрбөгөндүгүн түшүндүрөт. Буга чейин паспорттор боюнча абдан катуу чуу болгон. Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсүнө паспорт берилиши боюнча бир кызмат адамы жоопко тартылдыбы?" - деди Калмаматов.
Башкы прокуратуранын өкүлү Тилек Сарыбагыш уулу бул тууралуу маалыматы жок экенин билдирди. Депутат Түркияда кармалган Кытай жарандарына берилген Кыргыз паспорту боюнча тиешелүү адамдардын жоопкерчилиги боюнча сурады. УКМКнын алдындагы Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын башчысынын орун басары бул иш боюнча үч жаран жоопко тартылганын айтты. Маалыматка караганда, Түрк укук коргоо органдары Кыргыз тарапка паспорттун түп нускасын жана башка маалыматтарды бере элек.