Исландияда полиция кызматкерлери мас жаран тарабынан туткунга алынган мышыкты куткарышты. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Белгилүү болгондой, Кеблавик шаарында полиция кызматкерлерине мышыкты туткунга алган жаран тууралуу маалымат түшкөн. Анда мас абалындагы жаран кошунасынын үйүнө кирип анын мышыгы менен бир бөлмөгө кирип эшигин бекитип алган.
Үйдүн кожоюнунун аракеттерине карабай, мас абалындагы кошунасы эшикти ачпай, мышыкты өзү менен кошо алып кете турганын жана эгерде ага бирөө тоскоолдук жаратса, ал мышыкты өлтүрүп саларын айткан. Окуя болгон жерге келген полиция кызматкерлери эшикти ачып мышыкты куткарышкан. Ал эми мас абалындагы жаран полиция бөлүмүнө жеткирилген.
Мышыкты бир канча саат туткунда кармап отурган жаранга кылмыш иши козголобу же жокпу азырынча белгисиз.