ЖЫЛНААМА, 16-МАРТ: Сулуулук каражаттарынын ичинен кеңири тараган тушь мындан 103 жыл мурун чыккан

Мындан 103 жыл мурун "Maybelline" компаниясы кирпик үчүн тушь чыгарып, аны “көздөрүңүз үчүн биринчи заманбап косметикалык каражат” деп жарыялаган. Алгач кирпик боёктун негизи вазелинден турган, ал эми боёочу каражат катары жыгачтын күлү колдонулган.

Сулуулук каражаттарынын ичинен эң кеңири тараган тушь тууралуу кызыктуу фактыларды сиздерге сунуштайбыз.

1. Байыркы Египетте тушту инфекциялардан коргонуу үчүн колдонушкан.

Окумуштуулар азыркы убакка чейин байыркы египеттиктер тушту эмне үчүн колдонуп келгендигин так айта алышпаса дагы аларды организмди инфекциялардан коргоо үчүн колдонушкан деген божомолдорун айтышкан.

3. Дүйнөгө белгилүү болгон алгачкы тушь
XX кылымдын башына чейин тушту айрым гана айымдар колдонуп келишкен. Бирок 1915-жылы Том Ли Вильямс аттуу 19 жаштагы улан өзүнүн Мэйбел аттуу карындашы вазелин менен жыгачтын күлүн аралаштырып кирпиктерин карартуу үчүн колдонуп жаткандыгын байкаган. Ал өзүнүн чакан лабораториясына барып аталган каражатты иштеп чыгып башка кыздарга сата баштаган. Ошондон тартып аталган каражат кеңири колдонула баштаган.

3. Өлүмгө алып келген тушь

1933-жылы Lash Lure аттуу кирпиктерде көпкө кармалчу туштар сатыкка чыккан. Бирок көп убакыт өтпөй аталган тушту сатууга тыюу салынган. Анткени бул каражаттын айынан бир аял каза болуп, бир нечеси көрүү мүмкүнчүлүгүнөн ажырашкан.

4. Биринчи сууга туруктуу тушь

Сууга туруктуу тушь алгач 1938-жылы жарыкка чыккан. Аталган тушь 50 пайыз скипидардан тургандыктан жагымсыз жытка ээ болуп, көздөн жаш агуусуна алып келген.
5. Жакшыртылган тушь

Бирок чыныгы сууга туруктуу тушту 1957-жылы Элена Рубинштейн дүйнөгө сунуштаган. Дал ушул айым тушь менен кирпиктерди кантип боёо керектигин коомчулукка көргөзүп берген. "Maybelline" компаниясынын атынан чыккан бул тушь 70 долларга бааланган.

6. Туштун курамы

Илим жана техниканын өнүккөнүнө карабастан азыркы тапта да туштардын курамында гуанин, сымап сыяктуу компоненттер бар. Гуанин балыктын сырткы терисинен алынып тушка жылтырак өң берүү үчүн колдонулат. Ал эми аз өлчөмдөгү сымап көздөрдү ар кандай инфекциялардан сактайт.

16-марттын жылнаамасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
__anna__
2018-03-16 16:50:04
Жакшы жанылыктар экен)))
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан