Акыркы жылдарда балдар үйүнөн ата-энесине кайтарылган балдардын саны өсүп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 16-мартта "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын жыйынында социалдык өнүгүү министри билдирди.
Анда айтылгандай, 2017-жылдын эсеби боюнча мурунку жылдарга салыштырмалуу балдар үйүнөн ата-энесинин колуна алынган балдардын саны 2 эсеге өскөн.
2014-жылы ата-энесине кайтарылган балдардын саны бир жылда 139 болсо, 2015-жылы 256, 2016-жылы 205 бала үй-бүлөсүнө кайтарылган. Ал эми 2017-жылы балдар үйүнөн ата-энесине кайтарылган балдар 455ке жеткен.
Министрлик тарабынан ушул эле жыйында балдарга деп бөлүнгөн каражаттын эң аз бөлүгү - 10 пайызы гана балдарга жумшалары айтылды. Ар бир балага айына 12-14 миң сомдун тегерегиндеги акча каралган, бул акча тамак-ашына, жол акысына колдонулат. Калган каражаттын 58 пайызы иштегендердин айлык акысына, 19 пайызы соцфондго, 8 пайызы коммуналдык кызматтарга жумшалат.