Манжаларга пирсинг жасоо модага айланууда

Сулуулук дүйнөсү коомчулукту таң калтырууну улантат. Буга чейин көптөгөн кыздар мурунга же тилге пирсинг жасап келишсе, бул ирет манжаларга пирсинг жасоо жылдын мода тренддеринин катарына кошулууда. Чынында кыздардын мындай жоруктары интернет колдонуучуларынын арасында ар кандай талкууга алынып, көптөр бул көрүнүштү обужоктук катары сынга алышкан.

Пирсинг боюнча профессионал адис Адриан Кастильонун чет элдик басылмаларга берген маегине таянсак, мындай пирсингди көптөр аты жок манжасына жасатышат. Анын себебин түгөйүнө сүйүүсүн далилдөө же түгөйү бар экендигин билдирүү катары түшүнсө болот. Бирок мунун кооздугу эле болбосо, ден соолукка зыяны тийиши толук мүмкүн.

"Манжага пирсинг жасатуу кооптуу. Анткени колдорубуз көп кыймыл-аракетте болот. Кокусунан бир нерсеге илинип кетчү болсо, тери сыйрылып ден соолукка зыяны тиет", - деген ал.

Ошондой эле мындай пирсинг теринин, нерв системинин начарлап, кан-тамырлардын бузулушуна алып келе турганын кошумчалап, мода сүйүүчүлөрүнө бул ыкманы колдонууну сунуштабай тургандыгын билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
evidens
2018-03-16 15:58:53
Алла берген сулуулуктан кошумча дагы сулууланам деп тиякта бир кыз айдай кашынан айрылыптырго.жон эле коюшпаптыр пирсинги жок эле супсулуу колдорубуз мн эле журолу Алла алты саныбыз аман кп жаратканы озуле чексиз сулуулук.
+11
Aima94
2018-03-16 23:07:41
evidens,ооба боорум ооруду
0
Cleo-13
2018-03-16 16:02:25
Обу жок, бекерчилер
+6
Batma08
2018-03-16 16:30:38
Заарыл экенда а
+4
iryi1
2018-03-16 16:45:07
Динчилдерге жакпаса, башкаларга жагат. Динди ар кайсы жыртыктарга тыкпагылачы суранабыз. Озунордун коргон тушунорду шайтанга барып айткыла. Молдонун мода менен эмне иши бар дейм да.
-17
madina.87
2018-03-18 10:27:25
iryi1,Аллах деп безилдеп калчу кунун алыс эместир!!!
Таба эмес тообо кыл бир тууганым
0
Jumanazar.97
2018-03-18 23:40:45
iryi1, билсениз эгер Ислам дининде тыюу салынган нерселердин баары зыян. Бул Аллахтын бар экенинин далили. Себеби Алла гана билет пенделерине эмне пайда эмне зыян. Сизге жакса жасата берин. Эч ким каршылык кылбайт ар бир манжанызга жасатып чыксаныз да. Бирок жасатаарга жасатып, аркы дуйного барып, жаныныздын азабын тартканда кудайлап калбагай элениз. Аттин! Анда кеч болот
0
Nevestkaa
2018-03-16 21:49:01
Адамдар кызык элебиз да отко айдаса б.... качат деп ушуларды айтат да .Таза денин оору кылып ....тырнактары кантет тооктун бутундай болуп.
+2
Aima94
2018-03-16 23:09:06
Модан ХХХХХХХ кааал. Келесоолор
+2
aerforce
2018-03-17 02:31:54
Манжа эле калды эле өзү
0
abon
2018-03-17 08:54:52
ээ жанды кыйнап эмне кереги бар болду экен
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан