"Республика-Ата Журт" фракциясы жөлөк пул боюнча мыйзам долбоорун кароону башка күнгө калтырды

Бүгүн, 16-мартта "Республика-Ата Журт" фракциясы жөлөк пул боюнча мыйзам долбоорун кароону башка күнгө калтырды.

Фракция жыйынында мыйзам долбоорун кароону бүгүн өкмөттүн өкүлү сунуштап күн тартибине киргизген болчу. Бирок депутат Кенжебек Бокоев мыйзамды шашып кароодон этият болууга чакырып, долбоор менен жакшылап таанышып, андан соң жыйында карап чыгууну сунуш кылды.

"Материал буга чейин таратылган эмес. Мен жазуу жүзүндөгү сунуштарды комитетке эми жөнөтүп жатам. Бул мыйзам комитеттен өтсө, анан экинчи, үчүнчү окуудан колдоп берсек болот", - деди Бокоев.

Фракциянын депутаттары Бокоевдин сунушун колдоду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан