16-мартта Бишкек шаарындагы "Аккула" ат майданында Нооруз майрамына арналган көк бөрү боюнча республикалык мелдештин чейрек финалдык баскычына өткөн акыркы командалар аныкталды.
Аталган мелдеште жалпы эсепте 16 команда күч сынашууда. Анда 8 команда өз ара беттешип, чейрек финалга өткөн акыркы командалар аныкталды.
Биринчи орун алган беттеште "Достук" командасы менен "Эмгек Талаа" командасы кез келди. Анда "Достук" командасы "Эмгек Талаанын" үстүнөн 13:2 эсебинде жеңишке жетти.
Кийинки беттеште Чүй облусунун 2 командасы кез келди. Аламүдүндүн "Көк-Жал" командасы "Аафият" командасы менен беттешип, 7:1 эсебинде утуп алды.
3-оюнда жаңы түзүлгөн "Сары-Өзөн" командасы "Четинди" командасы менен күч сынашты. Бул беттеште "Сары-Өзөн" командасынын улакчылары атаандашынын үстүнөн 8:1 эсебинде жеңишке жетти.
Күндүн акыркы беттешинде "Арашан" командасы "Илбирс" менен кез келди. Чүйдүн "Арашан" командасы мыкты оюн көрсөтүп, беттештин аягында атаандашынын казанына 12-улакты таштап, 12:1 эсеби менен жеңишке жетти.
Муну менен "Достук", "Көк-Жал", "Сары-Өзөн" жана "Арашан" командалары чейрек финалдык бөлүккө өттү.
Эске салсак, 15-мартта "Ынтымак", "Толкун", "Биримдик Аю" жана "Мурас" командалары чейрек финалдык бөлүккө өткөн.
Ал эми, 17-мартта чейрек финалдык беттештер орун алат. Анда "Ынтымак" - "Толкун", "Биримдик Аю" - "Мурас", "Достук" - "Көк-Жал" жана "Сары-Өзөн" - "Арашан" беттештери өтөт.
16-марттагы беттештердин жыйынтыгы, жарым чейрек финал:
"Достук" - "Эмгек Талаа" - 13:2
"Көк-Жал" - "Аафият" - 7:1
"Сары-Өзөн" - "Четинди" - 8:1
"Арашан" - "Илбирс" - 12:1
17-мартта боло турган беттештер, чейрек финал:
9:30 "Ынтымак" - "Толкун"
11:00 "Биримдик Аю" - "Мурас"
12:30 "Достук" - "Көк-Жал"
14:00 "Сары-Өзөн" - "Арашан"